Пример HTML-страницы

Ошто мурда 7 жолу соттолгон жаран кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushИшкерге үстөмдүк көрсөткөн жаран кармалды. Ал мурда 7 жолу соттолгон, деп билдирди Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Ош ШИИБге ишкер арыз менен кайрылып, Э. аттуу жаран коркутуп, «Тойота Королла» үлгүсүндөгү унаасын тартып алгандыгын билдирген.

«2021-жылдын август айында жабырлануучу Өзгөн районунда жүргөндө ага А. уулу Э. жана Р.Э. аттуу жарандар барышкан. Алар “Жашагың келбей жатабы? Эмнеге биздин долябызды бербейсиң? Чет элдик инвестор менен иштешип жатыптырсың, акчаң бар экен”, — деп коркутуп кетишкен. Ошол эле күнү кечинде А. уулу Э. менен Р.Э. Ош шаарынын Асранкулов менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде жабырлануучу менен жолугуп, анын ”Тойота Королла” унаасын тартып алышкан. Андан кийин унааны 340 000 сомго сатып жиберишкен.

2024-жылдын 20-февралында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан А. уулу Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал 1993-жылы Өзгөн районунда туулган. Мурда 7 жолу соттолгон. ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат», — дейт милиция.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE