Пример HTML-страницы

Ош шаарында жаңы курулган тротуарлардын сапаты текшерилген. Прокуратура кылмыш иш козгоду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык прокуратурасы Ош шаардык жолдор башкармалыгынын кызматкерлерине карата кылмыш иш козгоду. Бул маалыматты Turmush басылмасына Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан Ош шаардык жолдор башкармалыгында текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду.

«2022-жыл ичинде Ош шаарындагы жалпы 22 км тротуар курууга республикалык бюджеттен 148 млн 900 миң сом жана 6 км тротуар курууга жергиликтүү бюджеттен акча каражаттары бөлүнүп берилип, бул акча каражаттарына мамлекеттик сатып алуулар жүргүзүлүп, тротуарлар жасалган. Бирок текшерүү учурунда аталган тротуарларга сапатсыз асфальттар төшөлгөндүгү аныкталды. Анткени төшөлгөн асфальттардын үлгүлөрү (керн) алынып, алардын технологиясынын шайкештигине лабораториялык изилдөө жүргүзүлдү. Курулушту сертификаттоонун республикалык борборунун түштүк регионалдык башкармалыгынын протоколуна ылайык, сапатсыз асфальт төшөлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

—————————————-

Буга чейин Turmush Ош шаарында тротуарга жаңы төшөлгөн асфальт чөгүп, айрым жерлерге чөп чыгып кеткенин жазган. Тротуарларды текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын мүчөлөрү жаңы курулган тротуарлардын сапатын текшерген. Талапка ылайык эмес курулган тротуарларды кайра куруп чыгуу үчүн жолдор башкармалыгынын башчысына 60 күндүк мөөнөт берилген. Кемчиликтерди жоюу иштери аткарылбаган учурда башкармалыктын башчысынын ишмердүүлүгү мыйзамда белгиленген тартипте каралары айтылган.

Ал эми Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусов, тротуарларга сапатсыз төшөлгөн асфальт кайра сыйрылып, аны курган «Вега Строй» компаниясы өзүнүн каражатынан кайра жасаларын билдирген болчу. Жумуш В.И.Ленин көчөсүндө жүргүзүлгөн.

  • Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «Вега Строй» жоокерчилиги чектелген коомунун жетекчиси жана түзүүчүсү — Бегинбаев Медетбек Таалайбекович. Компания 2020-жылы 4-сентябрда каттоодон өткөн. Ишмердүүлүгү: турак жайларды жана имараттарды куруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE