Пример HTML-страницы

Ош шаарында унаалардын кыймылдаткычы текшерилип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында унаалардын кыймылдаткычы текшерилүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын башкы инспектору Асанбек Мамыраимов билдирди.

Анын айтымында, бул иш-чара Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте жүргүзүлүүдө.

«Айдоочуларга унаалардан иштелип чыккан газдагы көмүртек кычкылы жана углеводороддордун көлөмүн нормадан ашырбоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө», — деди Мамыраимов.

Иштелип чыккан газдагы көмүртек кычкылы жана углеводдордун көлөмү нормадан ашыкча болсо, 7500 сомдон 23 миң сомго чейин айып пул каралган. Физикалык жактарга 7500, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул салынат.

Аталган иш-чаралар Ош шаарында жана облус аймактарында жаз мезгилине чейин жүргүзүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE