Пример HTML-страницы

Ош облустук сотунун алдына Жапалактын ондогон тургуну чогулду. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 29-апрель күнү Ош облустук сотунун алдына Жапалак айылынын тургундары нааразычылыкка чыкты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Чогулгандардын айтымында, 2015-жылдан бери иштеп келе жаткан Жапалактагы арматура чыгаруучу заводду башка жакка жылдыруу боюнча чыгышкан.

  • Маалым болгондой, бул иш боюнча Ош шаардык соту заводдун ишин токтотуу тууралуу токтом чыгарган. Бирок заводдун жетекчилиги шаардык сотко нааразы болуп, Ош облустук сотуна кайрылган.

Жапалак айылынын тургуну Шарап Турдубаев заводдон чыккан саркынды суу эл ичүүчү каналдын суусуна кошулганын жана оору көбөйгөнүн билдирди.

Аталган айылдын жактоочусу Талгат Мурзакулов Ош облустук сотунда каралуучу арматура заводунун иши 19-майга жылгандыгын кабарлады.

Буга чейин Жапалактын жашоочулары аталган айылда иштеп жаткан арматура заводунун ишмердүүлүгүнө каршы чыгып, заводду башка жакка жылдыруу талабын коюшкан. Алар заводдон чыккан түтүн элдин ден соолугуна терс таасирин тийгизип жактанын билдиришкен болчу. Андан кийин заводдун иши убактылуу токтотулган.

Ал эми өзүн заводдун жетекчиси катары тааныштырган Илгиз Капаров завод 2016-жылдан бери иштеп жатканын, Кытай ишкерлерине таандык экенин (айрым маалыматтарга караганда «Хунда Компани» ишканасы боюнча сөз болууда), инвестор катары алып келгенин билдирген болчу.

  • Капаров Илгиз Төлөнович 2016-жылдын март айынан тарта Ош шаардык кеңешинин депутаты («Өнүгүү-Прогресс» фракциясы). Мурда «Универсал Транс и Ко» ЖЧКнын түзүүчүсү жана жетекчиси болгон. 2020-жылдын августунан тарта ишкана кайра каттоодон өтүп, жаңы түзүүчүсү жана жетекчиси Тохтаров Төлөн Капарович болгон. Бул ишкана жүк ташуучу унаалар менен иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE