Пример HTML-страницы

Ош мамлекеттик университетинин жамааты 1 млн сом которду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш мамлекеттик университетинин жамааты бир күндүк эмгек маянасын Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга которду.

Мындай чечим ОшМУнун административдик кеңешинде кабыл алынды. Ага ылайык, боордош Түркия мамлекетинде болгон зилзаланын кесепетинен жабыркагандар үчүн Ош мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамынын бир күндүк айлык акысынын эсебинен 1 млн сом акча каражаты которулду.

————————————————-

6-февралда таңга маал болгон жер титирөөнүн очогу Түркиянын Газиантеп аймагы болуп, күчү 7,4 баллга жеткен. Күндүз дагы жер титирөө Түркиянын борбордук бөлүгүндө кайталанып, анын күчү 7,7 балл болгон. 7-февралда эртең менен Түркиянын борбор бөлүгүндө очогундагы күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталды.

8-февралда Түркиянын борбордук бөлүгүндө очогундагы күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 5:52де (Бишкектин убактысы боюнча 8:52) Кахраманмараш аймагынан түндүк-батышка 58 км чакырымда болгон.

Соңку маалымат боюнча, Түркияда 31 миң 643 адам каза болду.

Түркиянын президенти 12-февралга чейин бүткүл өлкө аймагында аза күтүү күнү боло турганын жарыялады. Анын маалыматы боюнча, бул жаратылыш кырсыгы Түркиядагы 1939-жылдан берки катуу жер титирөө катары саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE