Пример HTML-страницы

Орловка шаарында болгон катуу шамал бак-дарактарды тамыры менен чогуу кулатты. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарындагы чоң эки дарак көп кабаттуу үйдүн түбүнө кулап түштү.

Жергиликтүү тургундар эч кимге зыян бербей, коопсуз жерге кулап түшкөн дарактарга таң калышууда.

Ал эми Орловка шаарынын мэриясы болуп өткөн катуу шамалда дарактар кулаганын, эч ким жабыркабаганын билдирди.

«Эки дарак тротуардын жээгинде болчу. Алар асфальттын четин талкалады. Дагы 3-4 дарак кулады. Эч ким жабыркаган жок. Жаан бүтсө, тазалап алабыз», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE