Пример HTML-страницы

Ноокатта акчанын айынан эки жаран ок жеди (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат районундагы акча алмаштыруучу жайда ок чыгарылып, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 5-июнь күнү саат 09:00 чамасында Ноокат РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ноокат РИИБдин МУУ кызматкери милициянын кенже лейтенанты А. телефон аркылуу кабар берип, Ноокат шаарынын С.Алимбаев көчөсүндө эки жарандын бутуна белгисиз адамдар ок атуучу курал менен атып кеткендигин билдирген.

Бул факт Ноокат РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, Ноокат РИИБдин тергөө-ыкчам тобу жана Ош ОИИБдин жетекчиси, милициянын полковниги Э.Абитов жана анын орун басарлары —Раимбердиев А. менен Асанбаев У. окуя болгон жерге жөнөп кетишкен.

Алар окуя катталган жерге барышканда, С.Алимбаев көчөлөрүнүн кесилишинде «Тойота-Авенсис» жана «ДЭУ Нексия» үлгүсүндөгү автоунаалары кагышкан абалда турган. Алдын ала текшерүү учурунда, төмөнкүлөр аныкталды.

Ноокат шаарынын 30 жаштагы тургуну Н.И. 2022-жылдын 5-июнунда саат 08:40 чамасында үйүнөн чыгып, бир баштык жана бир кол сумкасы менен Ноокат районунун борбордук базарына бара жаткан. С.Алимбаев көчөсүнүн жанына жеткенде, аркасынан ак түстүү «ДЭУ Нексия» үлгүсүндөгү автоунаасы кууп келип, каршы багытта көчөнүн кесилишинде бурулуп жаткан П.Х.нын башкаруусундагы «Тойота-Авенсис» үлгүсүндөгү автоунаасы менен кагышуу жасаган.

Ошол учурда «ДЭУ Нексия» автоунаасынан белгисиз жаран түшүп, Н.И. менен кармашып жатканда, экинчи белгисиз жаран унаадан түшүп, Н.И.нин сол бутуна ок атуучу курал менен бир жолу аткан.

Андан соң «Тойота-Авенсис» автоунаасынын айдоочусу П.Х. автоунаадан түшкөн учурда, аны дагы сол бутуна ок атуучу курал менен бир жолу аткан. Ошол замат белгисиз үч жаран Н.И.нин колундагы баштыгын көтөрүп, С.Алимбаев көчөсү менен түндүк тарапты карай жөө качып изин жашырып кетишкен.

Жарат алган жарандарга Ноокат РИИБдин МУУ кызматкери, милициянын кенже лейтенанты А. уулу Б. медициналык тез жардам кызматын чакырып, алгачкы жардам көрсөткөн жана Ноокат РИИБге кабарлаган. Көп өтпөй П.Х. менен Н.И. Ноокат аймактык ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, жаракат алган жарандардын абалы орто.

Белгисиз жарандар карактап кеткен Н.И.ге таандык баштыкта 60 миллион өзбек суму болгон. Кыргыз сомуна которгондо 450 000 сом болот.

Азыркы тапта окуя болгон жерге Ноокат РИИБдин ыкчам-тергоо тобу, эксперт криминалистердин катышуусунда кароо жүргүзүп, кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча тийиштүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча «Чагылган» (гром) операциясы киргизилип, кылмышка шектүүлөр боюнча өлкөнүн аймагы боюнча багыттамалар таратылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE