Пример HTML-страницы

Нарындагы катуу сел. Учурда абал кандай? (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 21-июлда саат 19:30-20:00 чамаларында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Нарын районунун Учкун айыл өкмөтүнүн Куланак айылында сел жүрдү.

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын маалыматы боюнча, окуя болгон жерге Нарын райондук жана Нарын шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылган. Учкун айыл өкмөтүнүн Куланак айылынын Кур-Жылга коктусунан түшкөн кыян суулары селден коргоочу каналга курулган көпүрөдөн ташып, айылдагы жалпы 16 турак үйдү сел суулары каптаган. Анын ичинен 4 турак үйлдүн ичине кыян суулары кирген.

Нарын шаары жана Нарын району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы А.Кыдыкбаев жетектеген ыкчам топ жергиликтүү тургундарды уюштуруу менен үйлөрдүн ичине кирген кыян сууларын мотопомпа менен сыртка сордуруп, 2 турак үйдүн ичине кирген суулар сыртка сордурулуп чыгарылган.

Мындан сырткары Учкун айыл өкмөтүнүн 1 даана авто жүктөгүчү короолордогу сууларды коопсуз агызуу максатында арык тазалоо жумуштарын жүргүзүшкөн.

Тартылган күч каражаттар: ӨКМдин 8 кызматкери, жергиликтүү тургундардан 20 адам, 1 бирдик авто жүктөгүч.

Бүгүн, 22-июлда Нарын районунун акими Н.Мадимаров жерине барып, Учкун айыл өкмөтүндө жарандык коргонуунун штабын өткөрүп, айыл өкмөт башчысына жана тиешелүү мекеме жетекчилерине өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча тапшырма берилди.

Учурда абал туруктуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE