Пример HTML-страницы

Нарындагы ардагер Б.Асакеев «асмандан түшкөн» ташты сактап жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаарынын 65 жаштагы тургуну Кыдык Жуманов мындан 16 жыл мурун токойчулар менен бирге Нарын районуна караштуу Эчки-Башы айылындагы Кичи Кара-Жылга тилкесине барганда жерге метеорит түшкөнүнө күбө болгон.

«Токойчулар менен отурганда асмандан жылдыздай болгон зат түшүп келе жатат. Аябай таң калдык. Анан эле тоонун түбүнө түштү. Ал жерге барсам, ушул таш экен. Унаага салып алгам. Үйдөгү балкондо эле турган. Аялым ыргытып салалы дегенде таш изилдөөчү Бакытка бергем», — деди ал.

Отставкадагы полковник, ИИМдин жана Каржы полициясынын ардагери Бакыт Асакеев көп убакыттан бери таштардын түрлөрүн чогултуп, аларды изилдеп келет. Бул жолу ал кошунасынан өзгөчө таш алып, аны изилдеп чыккан.

«Мен хобби катары таш чогултам. Кыдык байке бизге кошуна турат. Ал байке: «Менде бир таш бар эле. Таап алдым» деп жүргөн. Кийин аны алып келип берди. Ташты көргөндө эле кызыктым. Чынында эле метеорит экен. Жерге түшкөндө тийген жери жалпайып, кыйшайып да кетиптир. Ошонун баарын изилдеп көрдүм. «Кайдан таптыңар?» деп териштирип сурадым. Ошондо айтып берди. Кичинекей, болбогон затты деле метеорит деп жаза беришет. Бул чыныгы метеорит экен.

Бул ташты катып жата бергенде эмне кылам? Эл деле билсин деп, социалдык тармакка чыгарып койдум. Бул жерде мактана турчу эч нерсе жок. Пикир калтыргандардын арасынан кымбат турат, сатса болот дегендер болду. Мен кыргыздын бир нерсесин сатайын деген оюм жок. Ачык айтканда биз саткындарга кирбейбиз. Таш дагы өзүбүздө турса экен дейбиз. Кыргыздын байлыгы, Кудайым берген жер. Ушунча сонун жерди гүлдөтө албай жатканыбызга ичибиз күйүп, намыстанып, патриот катары сөзүбүздү айтып жүргөн адамбыз. Ошол себептен бул ташты эч качан, эч жакка сатпайм. Миллион доллар берсе дагы сатайын деген оюм жок. Бизде тура берсин.

Туризм тармагында иштеп, улуттук буюмдарды чет өлкөгө чыгарууга аракет жасайбыз. Азыр шырдактарды чыгарып жатабыз. Кыргыздын үрп-адатын сактасак экен дейбиз», — деди ал.

Буга чейин Бакыт Асакеев киши кийик бар экенине ишенип, көп жылдан бери бул жаатта изилдөөлөрдү жүргүзүп, эл оозунан маалыматтарды чогултуп келери жазылган.

Өзүнүн айтымында, киши кийик бар экени тууралуу бир катар ишеничтүү маалыматтарды уккан.

«Ат-Башы РИИБде иштеп жүргөндө Токтосун Жапаров аттуу мергенчи согуш жылдарында Пограничник айылынан эки мергенчи ууга чыгып, алардын бирин киши кийиктин ургаачысы уурдап кеткендигин айтып берген. Ошентип, аң уулоодон кайтпай калган мергенчи үчүн экинчиси өлтүрүп койду деп күнөөлөнүп, түрмөгө камалган экен. Арадан эки жыл өткөн соң баягы жоголгон мерген кайтып келип, аны киши кийиктин ургаачысы кармап кетип, туткун катары эч жакка чыгарбай, ага киши кийик тийип алгандыгын, андан балалуу болгондугун, ыңгайын келтирип араң качып чыкканын баяндаган экен», — деди ал.

Кийинчерээк Б.Асакеев Тянь-Шань ОИИБде иштеп жүргөндө Эки-Нарында чаңырык, жез тумшуктар бар экендигин жергиликтүү мергенчилерден уккан жайы бар. Киши кийиктин Тогуз-Торо, Эки-Нарын, Босого, Жаңы-Жер аймактарында, Суусамырдын Кызыл-Ой айылына чукул жерде байырлай турганын мергенчилерден жана жергиликтүү элден угуп, маалымат жыйнап баштаган. Жакынкы жылдарда эле Суусамырдын Кызыл-Ой айылынан чыккан мергенчи киши кийикке кабылып калгандан кийин, коркуп Сокулукка көчүп кеткендигин айылдаштары айтышат.

2000-жылы Б.Асакеевдин киши кийик чын эле бар деген ишенимин бекемдеген бир окуя болгон. Нарын чек арачыларынын чалгындоо тобу Арпа аймагынан киши кийиктин изин табышкан. Бул окуяны аскер адамдары коомчулукка жарыялап шылдың болуудан коркушкан.

«Мен ал кезде мергенчилик инспекциясынын жетекчиси болуп иштечүмүн. Киши кийикке башынан кызыккандыктан, чек арачылардын анын изин тапкандыгын угуп, тынчым кетти. Мындай далилди колдон чыгарууга болбойт эле. Кийинки жылы чек арачылар менен биргеликте браконьерлерге каршы күрөшүү программасынын алкагында ошол жерге барып, сүрөткө тартып, видеого түшүрүп алмай болдум. Киши кийиктин изи ушунчалык терең түшкөн экен, бир жыл өтсө да калыбынан бузулбай сакталыптыр. Анын үстүн жалпак таштар менен жаап койгондуктан бузулбай турган экен. Видеодо көрүнүп тургандай, бутунун изинин узундугу 45 см болот. Кадамдардын ортосу 1,5 метр», — деди Бакыт Асакеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE