Пример HTML-страницы

Нарын облусунда коомдук унаалардын техникалык абалы текшерилди

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун аймагындагы коомдук унаалардын техникалык абалы текшерилди. Бул тууралуу Нарын ОИИБ боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Нарын ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан 2023-жылдын 23-майынан 31-майына чейин өткөрүлгөн атайын иш-чаранын алкагында Нарын облусунун шаар, райондук автобекеттериндеги жүргүнчү ташуучу кичи автобустар жана такси кызматындагы автоунаалардын айдоочуларына жол транспорт кырсыктарын алдын алуу максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чарага нарколог, механиктер катышты.

Анда автоунаалардын техникалык абалына тыкыр көзөмөл жүргүзүлүп, жол кыймылынын эрежелерин туура жана так сактоосу боюнча эскертүүлөр берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE