Пример HTML-страницы

Москва районунда окуучуларга жол эрежесин үйрөтүп жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районунда жол кайгуулчулар мектеп жашындагы балдарга жол эрежелерин үйрөтүп жатышат. Бул тууралуу райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Райондо Кара-Балта—Бишкек унаа жолунун боюндагы Петровка, Беловодск, Садовой жана Александровка айылдарында онго жакын мектеп жайгашкан.

«Балдар унаа жолдон өтүүдө жол чыгарына көңүл бөлбөй, кээде ар жерден жолду кесип өткөн учурлар кездешет. Ошондуктан жол кайгуулчулар өзгөчө кенже мектеп жашындагы балдарга көңүл буруп, аларга кыргыз тилинде лекцияларды окуп, жол чыракка көңүл буруу менен унаа жолдон өтүүгө үйрөтүп жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Ата-энелер балдар жол эрежелерин билсе, аларда кооптонуу болбой турганын белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE