Пример HTML-страницы

Манас районунда токой өрттөнүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун Манас районунда токойдон өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 25-мартта Талас облусунун Манас районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагында токойдон өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Тилсиз жоону өчүрүүгө Манас райондук ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп жөнөтүлгөн. Буга кошумча саат 18:56да Ч.Айтматов райондук ӨКБдан дагы 1 күжүрмөн эсеп тартылган.

Учурда Талас облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, жалпы 3 эсеп жеринде тилсиз жоо менен күрөшүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE