Пример HTML-страницы

Лейлекте 400гө жакын малды сел агызып кетти (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 19-май күнү саат 17:10 чамасында катуу жааган жамгырдан улам Лейлек районунун Баул айылында сел жүрдү. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, сел 400дөн ашуун малды агызып кетти. Учурда атайын комиссия чыгымдарды тактап жатат.

«Кечээки сел ички жолдорду үзгүлтүккө учуратты. Мындан сырткары жергиликтүү элдин малдарын да агызып кетти. Алар кечинде үйүнө кайткан учурда сайда болгон. Сел келип, 400дөн ашуун малды агызып кеткен. Жол оңдолуп, каттам иштеп баштады», — деди Баул айылынын тургуну Толкунбек Айдаров.

Баул Лейлектин Катраң айыл өкмөтүнө карайт. Айылда 300гө жакын кожолук бар.

Ал эми ӨКМдин маалыматына караганда, Раззаков—Катраң—Баул унаа жолун сел каптап, кум-шагылга толтуруп, жараксыз абалга алып келген. Бул жолдун 1-чакырымында орнотулган селден коргоочу тосмонун 80 метр аралыгын бузуп кеткен.

Баул айылында сел кетүүчү сайдан сел жүрүп, сай ичиндеги болжол менен 200 баш майда малды агызып кетип, 7 чакырым унаа жол, 3 чакырым арык жана 4 даана электрмамычасы жараксыз абалга келген. Катраң айылынын Эпкин, Суу-Башы тилкелеринде 1 үйдүн ашканасын, 2 үйдүн чарбагын каптап, 2 чакырым унаа жол, 3,5 чакырым арык жараксыз болгон. Өзгөрүш айылынын Айыкты тилкесинде 3 чакырым унаа жол жана 2 чакырым арык шагыл толгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE