Пример HTML-страницы

Кыргызстандын аймактарында «кемпир ыйлаак» болуп жатат. Ал эмнени билдирет?

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 18-февралда кыш чилдеси аяктады. Бул тууралуу аймактык кабарчы карыялардын айткандарына таянып билдирди.

Аксакалдардын айтымында, кыш чилдеси негизинен 8-январда толук кирип, 18-февралда чыгып бүтөт. Бирок, кыргызда: «Токсон кетпей, тоң кетпейт» деген сөз бар. Токсон мезгили 13-декабрдан 13-мартка чейин созулат. Токсондун башы 13-декабрдан 8-январга чейинки учур. Ортосу 8-январдан 18-февралга чейинки учур. Акыркы мезгили 18-февралдан 13-мартка чейинки учурду ээлейт. Ошентип 13-мартта токсон чыгып, жер кыртышынын тоңу ээрийт.

Чилде чыккандан кийин жааган карды сары кар деп коёбуз. Анткен менен чилде жөн эле чыгып кетпейт. Кыргыздар чилде чыгып жаткан учурду «кемпир ыйлаак» деп коюшат. «Кемпир ыйлаак» болжол менен 15-февралдан 27-февралга чейин созулуп, бул учурда алгач кар аралаш жамгыр жаайт. Андан кийинки жумада бороон-чапкын болот. Себеби кыш чилдеси кетеринде жинденет деген сөз бар. «Кемпир ыйлаак» дегени ошол суукта карыган кемпирдин көзүнөн жаш чыкканынан аталган делет.

«Бүгүнкү күндө 15-февралдан баштап кар жаап, айрым жерлерде кар көчкүсү жүрүп жатканы «кемпир ыйлактын» кесепети. 18-февралдан баштап чилде чыгып, мындан ары жааган кар сары кар деп аталат. 13-мартта “токсондогу чал кетти” деп, “токсон кетип, тоң кетти” дешет. Ошону менен Кыргызстанда жаздын келиши башталып, тоң кете баштайт. Кочкор жергесинде токсон кеткенден кийин жазгы шамал башталат», — дешти айыл аксакалдары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE