Пример HTML-страницы

Кочкордогу жолдо адам өмүрү кыйылган. Көп өтпөй айдоочу колго түштү

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Кочкор районунда жөө адамды унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 5-январында саат 22:15 чамасында Кочкор районунун Кочкор—Арал унаа жолунун 22-чакырымында белгисиз унаа белгисиз жаранды сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден изин жашырган. Анын кесепетинен болжол менен 35-40 чамасындагы азиат түспөлүндөгү жаран окуя болгон жерден көз жумган.

Бул факт боюнча ЖКККББнын издөө бөлүмү жана Нарын ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлер ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыштын изи сууй электе шектүү катары «Schmitz PR 24» (Хово) үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын 1995-жылы туулган айдоочусу Б.у.А. кармалды. Ал тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE