Пример HTML-страницы

Катуу сабалып, жылаңач сүрөттөрү тараган келин. Күйөөсү үй камагына чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районунда аялын ур-токмокко алууга шектелип кармалган тургун үй камакка чыкты.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 2022-жылдын 17-августунда Бишкек шаарынын Республикалык ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүнө күйөөсүнөн токмок жеген аял кайрылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Ал Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБинин маалыматтарды каттоо китебине катталган.

Аталган маалыматты териштирүү үчүн Биринчи май РИИБдин ыкчам-тергөө тобу чыгып, буларды аныкташкан: 16-августта Сокулук районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу дачанын 1994-жылы туулган тургуну Б.Ф.Н.ны 1989-жылы туулган күйөөсү А.Н.С. эч себепсиз сабап, денесине залал келтиргендиги аныкталган.

Аталган факт 18-августта Сокулук РИИБде катталып, тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси менен (үй-бүлөлүк зомбулук) менен кылмыш иш козголгон.

19-августта Сокулук районунун соту тарабынан шектүүгө бөгөт коюу чарасы тандалып, 19-октябрга чейин үй камагына чыгарылган.

«Тергөө учурунда шектүүгө карата Сокулук РИИБдин Жаңы-Жер аймактык милиция бөлүмчөсүнүн милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан алдын алуу жана көзөмөл иштери жүргүзүлүүдө.

Жабырлануучу Б.Ф.Н. 2022-жылдын 24-август күнү ооруканадан чыгып, азыркы учурда Камышановка айылында таежесинин үйүндө жашап жатат. Анын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн милициянын участкалык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү зарыл иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Ал эми балдары Аламүдүн районунун Октябрь айылында чоң атасынын колунда жашап жатышат. Алардын коопсуздугу Сокулук жана Аламүдүн РИИБдин балдар менен иштөө инспекторлору тарабынан көзөмөлдөнүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин жабырлануучунун таякеси Заир Абдурахманов шектүү үй камагына чыккандыгына нааразы болуп жаткандыгын билдирген.

Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынын маалыматына караганда, шектүү тергөө амалдары бүткөнгө чейин үй камагында болот. Анткени соттук-медициналык корутунду чыккан эмес.

«Жабырлануучунун денесине келтирилген жаракаттар боюнча корутунду сотко алып келинген жок. Бул бир себеп. Экинчиден, баланын жашаган дареги анык болгондуктан, соттун чечими жогорудай болду», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE