Пример HTML-страницы

Караколдо электр жарыгы өчүп, ооруканадагы кызматкер лифттен чыга албай калды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 10-ноябрь күнү Каракол шаарында электр жарыгы үзгүлтүккө учурап, анын кесепетинен Абдрахманов №121 дарегинде жайгашкан облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда лифтте мекеменин чарба кызматкери камалып калды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Аталган борбордун маалыматына ылайык, электр жарыгы бүгүн экинчи жолу эскертүүсүз өчүрүлгөн. Тазалыкты көзөмөлдөгөн чарба кызматкери 2-3-кабаттардын ортосунда токтогон лифтте калган.

Мекеме тийиштүү тармактарга кайрылып, 10 мүнөткө жакын убакытта электр жарыгы күйгөн. Саат 16:25 чамасында лифт иштеген. Учурда чарба кызматкеринин абалы жакшы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE