Пример HTML-страницы

Кара-Кулжа районунда «Жаш жаратман» сынагынын райондук туру өттү

TurmushКара-Кулжа районунда республикалык «Жаш жаратман» сынагынын райондук туру өттү. Бул тууралуу Кара-Кулжа райондук балдар чыгармачылык борборунун техникалык багытындагы усулдук бирикмесинин жетекчиси Ысакбек Маметов билдирди.

Анын айтымында, сынакка жалпы 46 окуучу катышкан. Алардын арасынан алдыңкылары тандалып алынып, облустук сынакка катышууга жолдомо алышты.

«Негизинен сынакка райондун ар кайсы мектептеринен келген окуучулар катышты. 46 окуучу өз эмгектерин көрсөттү. Буларды тандап алуу чындыгында оор болду. Бирок сынак деген сынак да. Алардын арасынан өз эмгектерин жакшы көрсөтө алган окуучуларды тандап алдык», — деди ал.

Тандалып алынган окуучулар:

Акматов Ибрагим;

Өмүрбеков Курбанали;

Азизбеков Алтынбек;

Бөрүгулов Нурдөөлөт;

Жукулова Альбина;

Искендеров Темирлан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE