Пример HTML-страницы

Кара-Балтадагы жашоочулар кварталдардын биринде борбордук канализациянын ишин токтотту

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Балта шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары ажатканага чүпүрөктөрдү, идиш жуугуч торлорду жана башка таштандыларды таштап жатышат.

Тургундардын айтымында, 1-июлда Ковровщиков кварталынын айрым аймактарында борбордук канализациянын иши токтоп калган. №23 үйдүн жанында канализация толуп, скважинадан саркынды суулар чыккан.

Жерине «Суу-канал» ишканасынын ыкчам тобу ишемби күнү атайын техниканын жардамы менен саркынды сууларды сордурууга жана тургундар ажатканага агызган таштандыларды кол менен чыгарууга аргасыз болгон.

«Суу-канал» ишканасынын жумушчусу Юрий Конякиндин айтымында, батирлердин жашоочулары таштанды челекке ыргытыла турган акыр-чикирлердин баарын канализацияга ыргытып салышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE