Пример HTML-страницы

Кара-Балтада славян элинин турмушун чагылдырган буюмдар көргөзмөгө коюлду

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кара-Балта шаарында Масленица майрамынан кийинки оюн-зооктон соң эски буюмдардын көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

Көргөзмөгө 8-10 жаштагы балдар да келди. Алар 15 жыл мурун колдонулган кол чыракка жана кир жууга арналган тактайга кызыгышты.

Тургундардын айтымында, көргөзмөгө коюлган самоор, жыгачтан жасалган кашык, эски саймалар жана башка буюмдар XIX кылымдын аягында, XX кылымдын башында Кыргызстанга көчүп келген славян элинин жашоо-турмушун чагылдырат.

Көргөзмөгө кудук сыяктуу жасалган композиция да коюлду. Ал XX кылымдын башында Чүй облусундагы көптөгөн калктуу конуштарда казылган кудуктарды эстетти. Аталган кудуктардан тургундар таза суу алып турган. XX кылымдын 50-60-жылдары кудуктар жабылып, скважиналарга алмаштырылган.

«Мындай көргөзмөлөр абдан пайдалуу. Жаштар Чүй өрөөнүндөгү тургундар 50-100 жыл мурун кандай жашаганын билиши керек», — деди жашоочулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE