Пример HTML-страницы

Кара-Балта шаарындагы 25 жаштагы жигит карылар үйүндөгү карыяларга тооккана куруп жатат

Акыркы жанылыктар

Turmush Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы «Саламат» карылар үйүнүн аймагына тооккана курулуп жатат. Бул демилге карылар күнүнө карата көтөрүлгөн.

Тоокана үй канаттуусу түнү менен түнөп, жумурткалай турган жабык жайдан жана сейилдөө үчүн тосулган короодон турат. Ичине пол төшөлүп, жем салгычтар, суу ичүүчү идиштер жана уялар орнотулат. Сарайда 50гө чейин тоок багылат. Ошентип, карылар үйү тоок эти жана жумуртка менен камсыз болот.

«Жакында бизге Эрбол аттуу жигит гуманитардык жардам менен келди. Карылар үчүн кандай иш кылса болорун сурады. Анан ал көмөкчү чарба ачууну сунуштады.

Балдар үйлөрүндө бакча кармоо же жаныбарларды багуу кадимки көрүнүш болуп саналат. Ошентип биз дагы ачууну туура көрдүк.

Карыганда адамдар өзүн керектүү сезиши керек. Үй жаныбарлары ар бир күндү сүйүү менен толтурууга жардам берет. Бирок курулушту баштаардан мурун чоң ата, чоң энелерибиз менен кеңешип, алар курулушту чоң кубаныч менен кабыл алышты. Алар дароо суу, жем ташып келүү боюнча милдеттерди бөлүштүрө башташты. Тоокторго чөп терүүнү каалагандар да болду. Үй жаныбарлары күнүмдүк активдүү аракеттерди талап кылгандыктан, депрессияга жана апатияга чөгүп кетүүгө жол бербейт. Тирүү жандыктын өмүрүнө жана ден соолугуна кам көрүү, жоопкерчиликти сезүү организмдин ички резервдерин мобилизациялайт, анын эс алуусуна жол бербейт. Бул улуу муундун адамдарына жакшы таасирин тийгизет», — дейт аталган мекеменин жетекчиси Чынара Сакеева.

Тооккананы 25 жаштагы Эрбол Жусупов куруп жатат.

«Мен карылар үйүнө пайдалуу иш кылгым келди. Карылар тоок багуу менен алек болсун деп чакан тооккана курууну чечтик. Алар эртең мененки тамакка үй жумурткаларын алышат», — деди жаш жигит.

Эрбол Жусупов Кара-Балта шаарында 1998-жылы туулган, №8 мектепте окуган.

Ал карылар үйүндө буга чейин кичинекей кезинде болгон. Андан кийин чет өлкөдөн билим алып, жакында мекенине кайтып келди. Ошондой эле карылар үйүнө кышка карата жардам катары 100 миң сом тапшырды.

«Карылар үйү мамлекеттен каржыланбайт. Бул жердеги пенсионерлер чыгымды көтөрүшөт. Мындан тышкары ашпозчуларга, карыларды күнү-түнү көзөмөлдөгөн медайымдарга жана башка кызматкерлерге айлык акы төлөө зарыл. Андыктан жардам берүүнү каалаган, бирок кантип, кимге жардам берерин билбеген адамдар бизге кайрылса болот. Бизге тамак-аш, кийим-кече, концерт болобу, кандай гана жардам болбосун чоң мааниге ээ. Биз дайыма конокторубуздун жашоо шартын жакшыртууга аракеттенебиз», — дейт менеджер Сакеева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE