Пример HTML-страницы

Кара-Балта шаарында асмандан күл түшүп жатат. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Балта шаарында асмандан күл түшүп жатканын эколог Александр Сосновский билдирди.

Анын айтымында, асмандан күйгөн чөп менен камыштын бөлүкчөлөрү түшүп жатат.

«Бул өзгөчө тынч учурда, кечинде байкалат. Айрыкча Кара-Балта шаарынын төмөнкү бөлүгүндө күйгөн бөлүкчөлөрдүн түшүп жатканын байкоого болот. Бул көрүнүш Жайыл районунун Кара-Балта шаарынын төмөнкү аймактарында жыл сайын жазда кайталанат. Себеби, бул мезгилде талаада камыш күйөт. Андан кийин шамал оттун күлүн асманга көтөрүп, анан шаардыктардын башына түшөт.

Айыл тургундары жайыт, айдоо жерлерин тазалап алуу үчүн камыштарды атайылап өрттөп, жаратылышка эбегейсиз зыян келтирип жаткандыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөй келет. Жасалма өрт учурунда канаттуулардын жүздөгөн түрлөрүнүн уя салган жерлери жок кылынат», — деди А.Сосновский.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE