Пример HTML-страницы

Капысынан турмушка чыккан 7 баланын энеси Кыял Айылчиева айыл элин дуу кылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Токтоян айылынын 35 жаштагы тургуну Кыял Айылчиева 7 баланы жарык дүйнөгө алып келди. Бүгүнкү күндө район боюнча эӊ жаш баатыр эненелердин катарын толуктайт.

Кыял Айылчиева 1987-жылы Тоӊ районуна караштуу Төрт-Күл айылында жарык дүйнөгө келген. Б.Мамбетов атындагы жалпы билим берүү мектебинде билим алган. 2007-жылы Каракол шаарындагы медициналык колледжге тапшырып, акушердик бөлүмдү аяктаган. Өмүрлүк жолдошу менен студенттик кезде баш кошуп, 14 жылдан бери чогуу түтүн булатып жашап келе жаткандарын билдирди.

«Үй-бүлөдө 8 бир тууганбыз, апам да «Баатыр эне» наамын алган. Мектепте окуп жүргөндө медайым болом деп кыялданып, медициналык окуу жайга тапшырдым. Группалаш кызым менен бирге батирде жашачубуз. 2-курс болгондо мени жолдошум ала качып кетти. Ал чогуу жашаган курбу кызымдын бир тууган агасы болчу. Үйлөнгөнгө чейин бир-эки жолу гана көрүшкөнбүз. Алгач ала качканда, коркуп шок абалда болдум. Баш аттап кетүү да уят катары кабыл алынчу. Ошентип үй-бүлө куруп, окуумду да улантып, жолдошум менен 2008-жылдан бери бирге өмүр сүрүп келе жатамын. Азыр эч качан өкүнбөйм, тескерисинче жолдошумдун жароокердиги, колдоосу жана мага көргөзгөн сый-урматы жогору турат», — деди ал.

Кыял Айылчиева өзүнүн кесиби менен айылда 2 жылга чукул эмгектенип, узак убакыттан бери декреттик өргүүдө экендигин айтты.

«Улуу балам 16 жашта. Ал төрөлгөндөн кийин 2 жылдай ФАПта медайым болуп иштедим. Андан кийин уулдарымды удаа-удаа жарык дүйнөгө алып келип, декреттик өргүүм узакка созулуп кетти. Жолдошум экөөбүз жайкысын элден мал алып, жайлоого чыгып кетебиз. Кышкысын үйдө мал чарба менен алектенебиз. Жылдар өтүп, кыздуу болууну күтүп жүрүп кантип баатыр эне болгонумду өзүм да таӊ берип отурам. Балдардын ысымдарын чоӊ атасы жана атасы экөөбүз чогуу кеӊешип койдук. Уулдарыбыздын ысымдары — Балбай, Алихан, Баяман, Баястан, Баябек, Хамза анан кичүү ханышабыз Жасмин. Кийинчерээк кызыма сиңди сыйлап, дагы бир кыздуу болсок деген тилегибиз бар», — деди ал.

Алты уулдан кийин кыздуу болууга элдин батасы тийгенин кошумчалады.

«Жасмин кызыбыз көптөн күткөн перзентибиз. Кош бойлуу кезимде “кыз төрөп ал” деп жакын санаалаштар, айыл эли бүтүндөй батасын берип жүрүштү. Көз жарганда “өзүбүз кыз төрөгөндөй болдук” деп абдан сүйүнштү. Ошентип бир жыл мурун наам алууга керектүү иш кагаздарды өткөрүп койдум. “Быйыл «Баатыр эне» наамды аласыӊ” деп айыл өкмөттөн кабарлашты. «Баатыр эне» орденин алган күнү абдан толкундандым. Анын үстүнө айылда жалгыз баатыр эне, райондо эӊ жаш баатыр эне болуу жакшы сезим экен. Албетте, үй-бүлөм менен сыймыктанам. Айыл ичи 2 күн бою дуу болуп куттукташты. Буюрса, балдарым чоӊойсо, кесибим менен иштөөнү улантам», — деп сөзүн жыйынтыктады баатыр эне.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE