Пример HTML-страницы

Кадамжайда өзбек чек арачылары кыргыз жарандарынын ишине тоскоолдук жаратышты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 26-майда Кадамжай районундагы чек арада өзбек чек арачылары кыргыз жарандарынын ишине тоскоолдук жаратышты. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалым болгондой, окуя Кадамжай районунун Алга айыл өкмөтүнүн Жаңы-Чек айылы менен Өзбекстандын Риштан районунун Коргон-Төбө айылы чектешкен тилкеде болгон. Ал жерде Кыргызстандын жарандарынын курулуш иштери үчүн топурак алуусуна Өзбекстандын чек арачылары тоскоолдук жараткан.

Алга айыл өкмөтүнүн башчысы Жыргал Дыканов аталган айыл аймактын жарандары курулуш үчүн топурак алуусуна башка ыңгайлуу жердин жоктугунан ошол жерден пайдаланышарын айтып, өзү да ошол жерде экенин билдирди.

«Чындыгында жергиликтүү эл үчүн топуракты алыскы аймактардан алып келүү кыйынга турат. Андыктан Жаңы-Чек айылынын бош жаткан жеринен алууга мажбур болушат. Бул жер толук кандуу Кыргызстандын жери. Ал эми Өзбекстандын чек арачылары кыргыз жарандарына «чек арага жакын жерде иш жүргүзбөгүлө» деген талабын айтып жатышат», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE