Пример HTML-страницы

«Голд Сити» компаниясынын кызматкерлерине кылмыш иш козголду

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык ички иштер башкармалыгы курулуш компаниянын кызматкерлерине алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши козгоду. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз катчысы Абсатар Тавакалов билдирди.

Анын айтымында, май айынын аягында Ош шаарынын М.М. аттуу тургуну (аял киши) «Голд Сити» курулуш компаниясына тиешелүү делген көп кабаттуу үйдөн 43 миң долларга 3 бөлмөлүү батир сатып алган. Жабырлануучу М.М. сатып алган үйүнө барганда, ал батир дагы бир башка адамга сатылганын билген.

«Аны аталган курулуш компаниядагы ишкерлер алдап кеткенин айтып кайрылды. Бул факты Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Кылмыш-жаза кодекесинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш аныкталса, тиешелүү адамдар мыйзам алдында жоопко тартылат», — деди ал.

  • Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат болсо, «Голд Сити» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору — Токтосунова Уулкан Токтогуловна. Компания 2020-жылы 17-ноябрда кайра каттоодон өткөн. Буга чейин компания «ПАРТНЕР СТРОЙ» деп аталган. Ишмердүүлүгү: турак жай жана имараттарды куруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE