Пример HTML-страницы

Ошто Кыргызстан менен Өзбекстандын маданият өкүлдөрү футбол ойношту

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын борбордук стадионунда Кыргызстан менен Өзбекстандын маданият өкүлдөрүнүн катышуусунда «Футбол шоу» майрамдык кечеси болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, спорттук иш-чарага эки республиканын маданият ишмерлери, искусство өкүлдөрү жана куудулдар катышты. Концерттик программанын алкагында маданият ишмерлери футбол боюнча достук турнирин өткөрүп, майрамдык концерттик программа да тартууланды.

Майрамдык кече боордош элдердин ортосундагы эки тараптуу байланыштарды жана мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган. Мындай иш-чара Ош шаарында биринчи жолу өтүп жатат. Алдыда аны салтка айландыруу пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE