Пример HTML-страницы

Эч кимде жок ысымдын ээси К.Абдыкеримова жолдошу менен башка ат менен таанышкан

Акыркы жанылыктар

Turmush«Өзгөчө ысым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Маман айылынын 61 жаштагы тургуну Кымкаптай Абдыкеримова. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Кымкаптай Абдыкеримова 5 баланы тарбиялап-өстүргөн. Учурда 14 небереси бар.

«Мен 1961-жылы Ак-Суу районуна караштуу Шапак айлында туулгам. Ошол кезде чоң атам базарга жумуштары менен барыптыр. Үйүнө керектүү буюма-тайымдарды алып жатып, кымкап кездемесм көрүп, мага арнап сатып алыптыр.

Кымкап — алтын же күмүш аралаштырылып согулган жибек кездеме. Ошол кезде бул кездемени байлар гана алышары айтылат. Ушундан улам чоң атам: «Кызым баалуу, бактылуу кыз болсун» деп, Кымкап деген ысымды ыйгарыптыр. Туулгандыгы тууралуу күбөлүккө эркелетип, Кымкаптай деп жаздыргам деп айтып калат чоң атам», — деди ал.

Анын айтымында, Кымкаптай деген атын көпчүлүгү биле бербейт.

«Төркүнүмдөгүлөр гана Кымкаптай деп айтышат. Мектепти аяктаган соң тигүү фабрикасында иштеп калдым. Ал жакта атымды айтсам Кымка, Кымбат деп адаштыра беришчү. Жолдошум менен таанышканда да атымды Кымбат деп айткам. Ошентип эл оозуна Кымбат аталып калдым. Кымкаптай десем көбү таң калышат. «Эмнени билдирет» деп суроо узаткандар да аз эмес», — деди ал.

Кымкаптай айым айланадагыларды аты менен гана эмес, кол өнөрчүлүк менен да таң калтырып келет.

«Кичинекей кезимде куурчакка кийим тигип жүрүп эле көл өнөрчүлүккө жөндөмдүү болдум. Бош убактымда курак курап, төр көрпөлөрдүн түрүн жасайм.

Кичүү кызымдын себин даярдап жатып гүл курак курадым. Бул көргөндөрдүн көбүн кызыктырат. Райондо өткөн фестивалга алып чыккам. Көбү кызыгып, буюртма берет элек деп байланыш телефонумду алышты. Мен мектеп учуру башталганда неберелериме карап Бишкекке кетип калам. Ал жакта балдарымды окууга жиберип, бош убактым көп. Ошондо кол өнөрчүлүк менен алектенем. Гүл куракты келиниме да үйрөтүүнү көксөп жүрөм», — деп сөзүн жыйынтыктады өзгөчө ысымдын ээси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE