Пример HTML-страницы

Дары чөптөрдү кайсы жерден терүү керек?

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-башылык химиолог Дамира Кампабекова дары чөптөрдү жолдун жээгинен тербөө керектигин айтты. Ал 30 жылдан бери дары чөптөр менен иштеп келет.

«Негизи дары чөп терүүдө тазалыкка маани берүү керек. Ат-Башы районундагы тоолордун таза жерлеринен терип алса болот. Жолдун жээгинен, чаң жерден эч качан дары чөп тербеш керек. Себеби, унаанын чаңы, түтүн дары чөптөрдүн касиетин жоготот. Терген учурда экологияны талкалабашыбыз керек.

Дары чөптөрдүн дарылык бөлүгү болот. Кээ биринин жалбырагы, гүлү же тамыры дары болот. Ар бир чөптүн терүү мөөнөтү бар. Мисалы, тамыр күзүндө терилет. Гүлдөр дайыма гүл ачылган кезде терилет.

Туура кургатуу дагы маанилүү. Мисалы, күнгө кургатпоо керек. Күнгө кургатса касиетинин баарын күн соруп алат. Ошондуктан көлөкөдө кургатып, өз табында сактоо керек. Сактоо эрежеси дагы маанилүү.

Ат-Башы районунда тоо карагаты, чычырканак жана башкалар бар. Мөмөлүү өсүмдүктөрдүн ичинен бир гана четинде йоддун курамы бар. Йод жетпеген балдарга убактысы менен берген жакшы. Көп өскөн ромашка гүлү боюнча сөз кылсак, ромашка экиге бөлүнөт: жапайы жана медициналык. Медициналык ромашкада жыт болот. Көлөмү кичирээк. Бул атайын уруктан өстүрүлөт. Күн ачыкта терилет. Сактоо эрежеси 2 жыл», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE