Пример HTML-страницы

Дайынсыз жоголгон белоруссиялык жаран тик учук менен изделип, Сөң-Көлдөн табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарындын Калмак-Ашуусунан изделип жаткан белоруссиялык Д.М. аттуу жаран куткаруучулар тарабынан аман эсен табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 19-сентябрь күнү Нарын облусунун Кочкор районунда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 275-чакырымында (Калмак-Ашуу ашуусу) “МАН” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа ашуудан чыга албай, жолду тосуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ошол күнү саат 23:15те ыкчам түрдө жерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кочкор райондук бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылган. Бирок куткаруучулар жерине жеткен учурда токтоп турган унаанын айдоочусу жок болуп чыккан.

Унаанын ээсин издөө иши тынымсыз уланып, аны издөөдө аймакта пландын негизинде башка иш боюнча учуп жүргөн ӨКМдин тик учагы бийиктиктен издөөгө жардамга келген.

Натыйжада 20-сентябрь күнү саат 11:00 чамысында аталган жаран Соң-Көл жайлоосунан табылды. Жарандын абалы канааттандырарлык. Учурда куткаруучулар ашууда калган жүк ташуучу унаанын бузулган тетигин оңдоого жардам берүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE