Пример HTML-страницы

Чоӊ Кеминдин самбочулары менен дзюдочулары бир ай ичинде бир нече ийгиликтерди жаратышты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Кемин районундагы Чоӊ Кемин айылынын спортчулар бир айдын ичинде бир топ мелдештерге катышып, бир канча медалдардын ээси болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга машыктыруучу Шайлообек Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, 10-11-12-июнь күндөрү Каракол шаарында дзюдо боюнча эл аралык турнир өтүп, ага 2007-2009-жылдары туулган кыздар жана 2008-2009-жылдары туулган балдар катышты. Чоӊ Кемин спорт клубунан алты тарбиялануучу барды. Жыйынтыгында 40 кг салмактагы Амина Токтосунова вице чемпион болсо, 40 кг салмактагы Асема Каттобекова 3-орунду, 48 кг салмактагы Санагүл Каниетов 4-орунду, 52 кг салмактагы Асема Темирканова 4-орунду, 57 кг салмактагы Медина Жаныбаева 3-орунду, 29 кг салмактагы Ильяс Токтосунов 4-орунду алды.

13-14-15-июнь күндөрү Барскоондо эл аралык мелдеш өтүп, ага 2007-2009-жылдары туулган кыздар жана 2008-2009-жылдары туулган балдар катышты. Анда 40 кг салмактагы Асема Каттообекова вице чемпион болсо, 40 кг салмактагы Амина Токтосунова 3-орунду, 48 кг салмактагы Санагүл Каниетова 4-орунду, 52 кг салмактагы Асема Темирканова вице чемпион, 57 кг салмактагы Медина Жаныбаева вице чемпион болсо, 29 кг салмактагы Ильяс Токтосунов 4-орунду алды.

Ысык-Көлдүн Сары-Ой айылында «Кыргызстандын бермети» VI эл аралык фестивалы өтүп, 17-18-19-июнь күндөрү уюштурулган дзюдо боюнча мелдеште Алиман Абдрашитова 44 кг салмакта чемпион, Луиза Асакеева 48 кг салмакта чемпион болушту. Амина Токтосунова 44 кг салмакта вице чемпион, Бермет Абышова 70 кг салмакта вице чемпион аталышты. Асема Каттообекова 44 кг салмакта 3-орун, Айганыш Ботаева 48 кг салмакта 4-орунду алышты.

Ушул эле фестивалда 20-21-22-июнь күндөрү дзюдо боюнча мелдеш уюштурулду. Анда Амина Токтосунова 41 кг салмакта чемпион болсо, Асема Каттобекова 41 кг салмакта вице чемпион, Алиман Абдрашитова 44 кг салмакта вице чемпион жана Асема Темирканова 54 кг салмакта 3-орунду алды.

Мындан сырткары, Амина Токтосунова самбо боюнча Азия чемпионатында күч сынашат. Ал Россияда 27-июлда болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE