Пример HTML-страницы

Чүйдөгү айылда аялды унаа сүзүп кетти

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 9-мартта саат 21:00 чамасында Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында 48 жаштагы аялды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу күбөлөр билдирди.

Маалыматка караганда, аны Кара-Балта–Бишкек багыты боюнча бара жаткан таксист сүзүп алган. Аял ооруканага жеткирилди.

Айрым маалыматтарга караганда, айдоочу жөө жүргүнчүнү жолдон өткөрүүгө аракет кылган. Бирок аял мас абалында жол ортосуна чыгып, унаалардын алдын тосо берген.

Ал эми райондук ЖКККБү жол кырсыгы болгонун тастыктап, унаа айып короого киргизилгенин билдирди. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр спирт ичимдиктерин ичип алып, айдоочуларга тоскоол болуусу жол кырсыгына алып келерин эскертти.

Райондук жалпы дарыгерлер практикалык борбору учурда унаа сүзгөн аял сынактар бөлүмүндө жаткырылганын, баш мээси чайкалып, беттери көгала болгонун билдиришти.

Аялдын кандай абалда жол кырсыгына кабылганы боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE