Пример HTML-страницы

Чүйдө 6 эне «Кеменгер» төш белгиси менен сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Ата районуна караштуу Кант шаарында энелер күнүнө карата облустук деңгээлде иш-чара болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана конокко чакырылган энелер катышты. Анда өрнөктүү эмгек жараткан энелерге «Кеменгер» төш белгиси, Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын ардак грамоталары тапшырылды.

Иш-чара Чүй облусунун маданият кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолду.

«Кеменгер» төш белгисин алган энелер:

— Чүй районунун В.Ф.Марков атындагы №1 орто мектебинин орус тил мугалими Касымжапарова Айнура Сарыбаевна;

— Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы №20 китепканасынын башчысы Егимбаева Чолпон Жапаровна;

— Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын мамлекеттик тил боюнча башкы адиси Токоманова Гүлайым Байбосуновна;

— Ысык-Ата райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Райкеева Арина Асанбековна;

— Москва райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Молдокулова Жамал Сабыровна;

— Ысык-Ата районунун Сары-Жон айылынын тургуну Минбаева Сайна Исаевна.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE