Пример HTML-страницы

Чүйдөгү суу объектилерин көк кытандар ээлеп баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushЖайыл районунда көп сандаган көк кытандарды байкашты.

«Жолдо бара жатканда талаалардагы сууларга жана көлмөлөргө чогулган көк кытандарды көрө аласыз. Алар суу үстүндө олжосун — балык, бака, жылан жана башкаларды издеп жатышат», — дешет күбөлөр.

«Кыргызстанда көк кытандардын 10 түрү байырлайт. Булар көлөмү боюнча чоң келет. Шыйрактары, моюну жана тумшугу арыктарда, каналдарда жана тайыз суу жаныбарларына мергенчилик кылууга ийгиликтүү шарт түзөт. Жазында балыктардын баары суунун үстүнө жакындай баштаганда, көк кытандар жигердүү аңчылык кыла башташат. Олжолордун арасында баалуу балыктар да (атайын өстүрүлүп жаткан) бар. Суу жаныбарларына активдүү аңчылык кылган көк кытандар Чүй облусунун аквакультурасына зыян келтириши мүмкүн», — деди биолог Ирина Стежко.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE