Пример HTML-страницы

Чүйдө автоунааларды оңдоп-түзөө жана сырдоочу жайлар текшерилип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын издөө тобунун кызматкерлери тарабынан «Авто-издөө» аталыштагы рейддик иш-чара өтүп жатат. Бул тууралууЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Рейддин биринчи эле күнү тийиштүү документтери жок 5 автоунаа оңдоп-түзөө жана сырдоочу жайынын ээлерине Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 183-беренесинин (техникалык кароону жүргүзгөн диагностикалык борборлордун, ошондой эле автомототранспорт каражаттарын оӊдоо боюнча кызматтарды көрсөтүүчү субъекттердин жоопкерчилиги) негизинде протоколдор түзүлдү.

Бүгүн, 27-мартта башталган рейд 30-мартка чейин уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE