Пример HTML-страницы

Быйылкы күз-кыш мезгилинде Баткен облусуна 120-130 миң тонна көмүр керектелет

Акыркы жанылыктар

Turmush2022-2023-жылкы күз-кыш мезгили үчүн Баткен облусу боюнча экономика тармагына, калкка жана бюджеттик мекемелерге жалпысынан 120-130 миң тонна көмүр керектелет. Бул тууралуу Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын экономика жана регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Чынар Тажибаева билдирди.

Анын айтымында, мунун ичинен 13,5 миң тонна көмүр билим берүү тармагына, саламаттыкты сактоо тармагына 2,3 миң тонна, бюджеттик мекемелерге 11 миң тонна жана ошондой эле калкты көмүр менен камсыз кылууга 93 миң тонна керек болот.

Өткөн жылда 650 миң тонна көмүр өндүрүлсө, 505 миң тоннасы экспорттолгон. Анын ичинде башка аймактарга жөнөтүлгөнү да бар.

«Баткен облусунда көмүр кендерин иштетүү, чалгындоого жалпысынан 130 лицензия бар. Анын ичинен ишмердүүлүгүн жүргүзгөнү 50дөн ашат. Учурда көмүрдүн баасы арзан. Андыктан мекемелер бюджеттин акчасын сарамжалдуу пайдаланып, көмүр менен эртерээк камсыз болуусун талап кылып жатабыз», — деди ал.

Чынар Таджибаева буга катар эле жергиликтүү калкты да көмүр менен камсыздоодо ортомчу соодагерлерди азайтып, болушунча арзаныраак баада жеткирүү керектигин айтты. Анткени өткөрүлгөн тендерлерге жеке ишкерлер да катышып, ортомчу болууга аракет кылышат.

Баткен облусунда 2022-2023-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча биргелешкен штабтын отурумунда 1-июлга чейин бул багыттагы тендерлерди бүтүрүү тапшырмасы берилди.

Учурда көмүрдүн баасы сортуна карап, 1 кг 2,5 сомдон 7 сомго чейин сатылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE