Пример HTML-страницы

Баткендин Ак-Сай жана Ак-Татыр айылындагы тургундарды чочулаткан жагдай

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен районунун Ак-Сай жана Ак-Татыр айыл аймагынын жашоочуларын жөлөк пул боюнча түйшөлткөн жагдай бар экенин билдиришти.

Тургундардын айтымында, буга чейин айыл өкмөттөн жашап жаткандыгы тууралуу аныктаманын негизинде жөлөк пул алып келишкен. «Эми 1-февралдан тарта санариптик негизде тийиштүү документтерди социалдык камсыздоо башкармалыгы өзү алса, анда бизге жөлөк пул чегерилбей калат» деп чочулап жатышат. Анткени аталган айылдын тургундарынын жери кызыл китебине катталган эмес. Айрымдары чек ара такталбагандыктан үй кура албай жүрсө, айрымдар чоң эне, чоң аталары менен кошо 2-3 үй-бүлө бирге жашайт. Мындайда башка үй-бүлө мүчөсүнүн унаасы болуп калса, 2-3 үй-бүлө да кошо жөлөк пулдан кур калат.

«Бизге бөлүнгөн жер чек арага жакын болгондуктан үй салууга азырынча уруксат жок. Андыктан кайнене-кайнатанын үйүндө турабыз. Кайнимдин унаасы болгондуктан мен балдарыма жөлөк пул ала албай калам. Себеби кайним да, биз да бир үйдүн кызыл китебине катталганбыз. Бир үй-бүлө болуп калабыз. Бирок анын унаасы биздин балдарыбыз үчүн иштебейт да. Ал өзүнүн бала-чакасын багат. Мурдакыдай айыл өкмөттөн жашап жаткандыгы тууралуу үй-бүлөлүк тастыктама берилбейт экен. Мындай болсо, биздеги көп үй-бүлө жөлөк пул ала албай калат», — дейт Көк-Таш айылынын тургуну Гүлназ Жунусали кызы.

Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция кызматынын маалыматы боюнча, 2023-жылдан баштап жөлөк пул алуу үчүн документтер санариптик негизде жүргүзүлөт.

«Ал эми үй-бүлө мүчөлөрүндө пенсия алган киши болсо, анда да жөлөк пул берилет. Эгер үй-бүлө мүчөсүндө унаасы болсо, унаа чыгарылган күндөн тарта 20 жылдан ашкан болсо, анда да жөлөк пул берилет. Мындан сырткары унаа жүк ташуучу, айыл чарба багытында болсо жөлөк пул чегерилбейт», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE