Пример HTML-страницы

Баткенде Ата Мекенди коргоочулар күнүн белгилешти

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен шаарынын борбордук стадионунда 23-февраль — Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү.

Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, тиешелүү жетекчилер жана жашоочулар катышты. Өкүл бул майрам башка аймактардан айырмаланып, жалпы элдик майрам экенин, анткени мырзалар эле эмес, айымдар да мекенди коргоодо өзгөчө эркке ээ экенин белгиледи.

Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө алгач аскер кызматкерлеринин салтанаттуу жүрүшү, машыгуу ыкмалары көрсөтүлдү. Борбордон келген ырчылар концерттик программа тартуулады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE