Пример HTML-страницы

Баткенде 920 метр тоннель казылды (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунда «Алгакадам» долбоору ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу «Алга-Кадам» коомдук бирикмесинин төрагасы Асанбай Пазылов билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоордун алкагында 920 метр тоннель казылып, бекемделип, жалпы 251,37 млн сомдук курулуш иштери аткарылган. 2023-жылы президент тарабынан 150 млн сом, өкмөт тарабынан 100 млн сом бөлүнүп, 76,8 млн сомго, тоннель казуучу техникалар сатылып алынган.

«920 метр тоннель казылып, бекемделип, жалпы 251, 37млн сомдук курулуш иштери аткарылган. «Алгакадам» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 52,4 млн сом жыйнап, 6 тоннелдин кирүү, чыгуу порталдарын, техникалык базаларын куруп жана 1500 метр жол жана каналды бүтүрүп, смета боюнча 112,94 млн сомдук курулуш иштери аткарылган», — деди ал.

— — — — —

Асан Пазылов 2022-жылдын июнь айында Кадамжай районунун Кара-Жантак массивиндеги жерлерди өздөштүрүү үчүн Алга-Кадам каналынын курулушунун 1-этабы аяктаганын билдирген.

Долбоор 4200 гектар жерди өздөштүрүү үчүн ишке ашып жатат. 27805 км каналдын негизги суу бөлүштүрүүчү пункту Учкун айылынын Жийделик аймагынан башталат. Долбоор боюнча суу колдонуучулар 7600 үй-бүлөнү түзөт. Анын жалпы баасы 1,9 млрд сом. Бул акчанын 50% республикалык бюджеттен, калганы «Алга Кадам» коомдук фонду тарабынан каржыланат.

Туннелдердин саны жана узундугу:

— Биринчи туннелдин узундугу 480 метр;

— Экинчи туннелдин узундугу – 560 метр;

— Үчүнчү туннелдин узундугу – 2175 метр;

— Төртүнчү туннелдин узундугу – 300 метр;

— Бешинчи туннелдин узундугу – 440 метр.

Сел жүрө турган болсо суу бөлүштүрүүчү жайдан суу берүү өз убагында токтотулат. Бул канал курулуп калса Кадамжайдын 7600 тургуну жаңы аймакта жашоого мүмкүнчүлүк алат. Бул аймакта дарактарды отургузуу да экологияны жакшыртат. 1 гектар бактан 70 миң сомдон 150 миң сомго чейин киреше тапса болот.

Долбоордун аякташы меен Кадамжай районунда 4200 гектар жер өздөштүрүлүп, болжол менен 5-6 айыл пайда болот. Анда 5-6 миң кожолукка турак жай салууга жана соода-өндүрүш ишканаларын курууга мүмкүнчүлүк жаралат.

Асанбай Пазылов 2023-жылдын 14-мартында Кадамжай районунда 4200 гектар жерди өздөштүрүү багытында иш жүргүзүп жаткан «Алга-Кадам» инновациялык долбоору үчүн президенттин фондунан 150 млн сом акча бөлүнөрүн айткан.

Анын айтымында, өлкө башчысы Садыр Жапаров 14-март күнү аны кабыл алып, өзүнүн президенттик фондунан 150 млн сом каржылап берерин айтып, биринчи этабында 50 млн сомду бүгүн которуп берген. Долбоор 2022-жылы январь айында ишке ашырыла баштаган.

«Бизди президент өзү кабыл алып, инновациялык каналдын курулушун колдоп, каржылоо максатында 150 млн сом каржылап берерин айтып, биринчи траншы 50 млн сомду бүгүн которуп берди.

2022-жылдын январь айынан бери «Алга-Кадам» пилоттук, инновациялык долбоорун ишке ашырып баштадык. Кыска убакытта долбоордун эң оор жана баштапкы 1 лотунун долбоорлоо сметалык документтерин даярдап, баасы 559,3 млн сомду түзсө, ошол эле жылдын 2 апрелинен баштап 1 лоттун курулушунун 1-этабын баштап, 4-июнга расмий түрдө бүтүрүп, өкмөт алдында отчет бердик. Жыйынтыгында «Алгакадам» инновациялык пилоттук долбоорунун 1-этапта 146,3 млн сомдук, 2-этапта 122,4 млн сомдук, жалпысы 275 млн сомдук курулуш иштери аткарылды», — деген ал.

Аталган кooмдук бирикме өзүнүн фондунан 1 комплекс бургулоо техникасын сатып алып ишке киргизген. 2023 жылга 1 комплекс саатына кубаттуулугу 25 метр куб бетон иштеп чыгуучу завод сатып алууга алдын ала 30% акчасын төлөп, ишке киргизүүнү пландап жатат.

Мындан тышкары 2023-жылы коомдук бирикменин офисин куруп ишке киргизүү пландалган. Ушул күнгө чейин бетон заводу жана өндүрүш базасын куруучу аянттар толугу менен бүткөн.

Жашыл экономиканын алкагында энергоэффективдүү үй-офис долбоорунун курулушун 20-мартта баштоого камынып жатышат. Бул үй-офиске күндүн энергиясын алуучу панелдер орнотулуп, электр энергиясы менен гана жылытуучу система коюлат. Учурда мамлекет тарабынан каралган долбоордун 50% көлөмү же 8826 метр аралыктагы 3 тоннель жалпы узундугу 6104 метр жана 2726 метр ачык канал курулушунун долбоорлоо сметалык иш кагаздары мамлекет тарабынан 9,6 млн сомго каржыланып бүтүп калды. 2023-жылдын март айынан мамлекет тарабынан бүткөрүлүүчү курулушу да каржылоого алынып, башталышы тендерсиз жаңы ыкчам ыкма менен башталуусу күтүлүп жатат. Керектелүүчү тоо техникаларын камсыздоо үчүн Россия, Кытай өлкөлөрүндөгү заводдор менен келишимдер түзүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE