Пример HTML-страницы

Баткенде 332 үй колдонууга берилди

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 24-февралда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында жаңы бүткөн үйлөрдүн курулушу менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, ал жергиликтүү тургундар менен баарлашуу учурунда чек ара, жазгы талаа иштерине жана башка социалдык маселелерге байланыштуу суроолорго жооп берди.

«Өзбекстан менен чек ара маселеси чечилди. Тажикстан менен дагы чечебиз. Маселе президенттин көзөмөлүндө. Президенттин тапшырмасы менен бузулган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери аяктоодо», — деди ал.

2022-жылдын сентябрындагы куралдуу кагылыштын кесепетинен, Баткен облусунда 422 үй жарактан чыккан. Анын 418и жаңыдан курулуп, 4 үй капиталдык ремонттон өтүүдө. Буга чейин толук салынып бүткөн турак жайларды кошкондо бүгүнкү күндө 332 үй колдонууга берилди. Калган 86 үйдүн толук курулушу март айында аяктайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE