Пример HTML-страницы

Balance тиркемесинде электрондук патентти тариздеңиз жана төлөңүз!

TurmushКыргызстанда экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн патенттер электрондук түрдө таризделүүгө гана тийиш. Электрондук патентти ашыкча күч-аракет жумшабастан жана убакытты текке кетирбестен кантип тариздөөгө, узартууга жана төлөөгө болот? Balance — сизге жардамга келет! Эми сиз үйүңүздөн же кеңсеңизден чыкпай туруп, патентиңиздин абалын түздөн-түз тиркемеде көзөмөлдөй аласыз.

Патентти тариздөө үчүн сизге төмөнкүлөр керек:

— Balance мобилдик тиркемесин жүктөп алып, онлайн идентификациядан өтүү;

— Башкы беттеги «Электрондук патент» бөлүмүнө өтүү;

— Эгерде сизде колдонууда патент бар болсо, «Менин патенттерим» бөлүмүн тандап, «Узартуу» баскычын басыңыз;

— Эгерде сиз электрондук патентке биринчи жолу кайрылып жатсаңыз, «Жаңы патент» бөлүмүн тандаңыз;

— Бардык керектүү талааларды толтуруңуз: объект, салык төлөөчү, экономикалык иштин түрү жана патенттин колдонуу мөөнөтү жөнүндө маалымат;

— Патент жана полис үчүн төлөмдүн суммасы сервис тарабынан автоматтык түрдө түзүлөт, сиз жөн гана «Төлөө» баскычын басуу менен транзакцияны ырасташыңыз керек.

Маанилүү! Электрондук патентти ИНН Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматында катталган учурда гана алууга болот.

Balance мобилдик тиркемесинин акыркы версиясы Play Market’те жана App Store’до жеткиликтүү. Буга чейин Balanceта Carcheck автоунааны текшерүү функциясын, ошондой эле унаа айып пулдарын текшерүү жана төлөөнү ишке ашырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE