Пример HTML-страницы

Бакай-Атада болгон табияттын өзгөчө кубулушу элди таң калтырууда (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 7-июль күнү кечинде Талас облусунун Бакай-Ата районунун аймагында жааган жамгырдан кийин эки кабат күн желеси пайда болду.

Аймактык кабарчы билдиргендей, табияттын мындай кубулушу элди суктандырбай койгон жок. Ушундан улам алар көз уяла турган кооздукту ар кайсы жерде, түрдүү ракурста сүрөткө жана видеого тартып алганга үлгүрүшкөн.

Анын өзгөчөлүгү — абдан жоон келип, эки учу жерге ийилип тийип тургандай көрүнгөн.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, адатта эки кабат күн желесин сейрек көрүүгө болот. Анын чыгышын эл жакшылыкка жоорушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE