Пример HTML-страницы

Бүгүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көлдүн тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 22-февралда Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү ыктымал. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши мүмкүн.

22-февралда түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында, Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 292-305- чакырымдарында (Долон ашуусу), 353-357-чакырымдарында (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман—Ак-Тал—Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси), Каракол—Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон—Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымдарында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE