Пример HTML-страницы

Азат ижарачы менен уруша кетип, Дубайдын пляжында 2 күн жашаган

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргызстандык Азат Алдабергенов Бириккен Араб Эмираттарындагы Дубай шаарында жашап, жеке машыктыруучу болуп иштеп келет.

Каарманыбыз 1995-жылы 10-июлда Бишкек шаарында жарыкка келген. №44 мектепти аяктаган соӊ, Кыргыз-орус билим берүү академиясынын экономика факультетине тапшырган. Аны 2017-жылы ийгиликтүү аяктап, 2018-жылы Дубайга сапар тарткан.

«Ал кезде Азиз деген досум ушул жерде эмгектенчү. Андан бара турган жолдорун сураштырдым. Дубайга жеткенде мени тосуп алып, жакшы жардам берди. Азиз азыр туристтик компанияны жетектеп жатат», — деди ал.

Каарманыбыз Дубайга барганда алгач дүкөндө сатуучу болуп ишке орношкон.

«Сатуучу болуп 3 жыл иштедим. Учурда кикбоксинг жана фитнес боюнча персоналдык машыктыруучу болуп иштейм. Бул жумуш өзүмө жагат.

Ал эми батирде 3 дос бала жашайбыз. Дубайга жаӊы келгенде, албетте баары оӊой болгон жок. Кыйын учурлар болду. Башка эл, башка жер, башка менталитет… Бирок, бир жыл өткөндөн кийин баары артта калды. Дубайда өзүӊдү жергиликтүүдөй сезип калат экенсиӊ», — деди ал.

Азат Бишкекте спорттун самбо түрү менен машыкчу. Дубайга келгенден бери эрежесиз эр уруш боюнча машыгып келет.

«Дубайдан Атабек жана Аби аттуу эки спортчу балдар менен тааныштым. Алар аркылуу 2020-жылдан баштап ММА менен машыга баштадым. Тажрыйбалуу спортчулар менен машыгам. Ошентип 3 жыл өттү. Башында ММА менен жөн гана машыгып жүргөм. Бир жылдан соӊ беттешке чыктым. Андан соӊ джиу-джитсу боюнча эл аралык мелдеш болуп, анда 2-орунду алдым. Негизи финалга чейин чыгып, уруксат берилбеген кыймыл-аракет жасап жибергем. Негизи ушул 3 жылда Дубайда көптөгөн мелдештерге катышып, Кыргызстандын желегин желбиретип келдим. Джиу-джитсу менен дүйнө чемпионатына дагы катышкам. Келечектеги максатым ушул дүйнө чемпионатын утсам дейм. Өзүм дагы машыгып, кардарларды дагы машыктырып, абдан чарчайм. Ошону үчүн бош убакыт болсо эле уктайм. Хоббим — спорт, пляждын жээгинде эс алуу жана велосипед тебүү», — деди ал.

Каарманыбыз баатир ээси менен болгон чуудан кийин кантип 2 күн пляждын жээгинде күн кечиргенин айтып берди.

«Бир жолу бир окуя болду. Анда мейманканада жашачубуз. Ал жерде үчөөбүз бир бөлмөнү ижарага алганбыз. Ал эми айдын аягында досум Абу-Дабидеги мелдешке кетти. Мен дагы бош эмес болчумун. Бөлмөнү ижарага бизге берген киши: «Ижара акы көтөрүлдү, жашайсыӊарбы же кетесиңерби» деп кат жазды. Буга чейин дагы бир-эки жолу бааны көтөргөн. Досум дагы, мен дагы өз жумуштарыбыз менен бошобой, анын каттарына жооп бербей калыптырбыз. Түн ортосунда чарчап, уйкум келип, үйгө келдим. Анан тиги киши эшикти такылдатып келип калды. «Сен эмнеге катка жооп бербейсиӊ?» деп, кыйкырып сүйлөй баштады. Ар кайсыны айтты. Жиниме аябай тийди. Ал өзү индус киши болчу. Мен чарчаганыман аны түртүп жибердим. Ал дароо видеокамерага чуркады. Милицияга арыз жазам деп чыкты. Дагы жакшы, биздин милицияда иштеген тааныш досубуз бар болчу. Ага телефон чалдым. Ал бул көйгөйдү чечти. Бирок, үйдөн көчүүгө туура келди. Ошентип түнкү саат 01:00 чамасында көчүп кеттик. Айдын аягы болуп, эч бир жерде бош орун жок. Айла кеткенде пляждын жээгинде түнөдүк. Анан эртеси Абу-Дабиден досубуз келди. Аны менен унаада түнөдүк. Акыры батир таап, көчүп кеттик», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE