Пример HTML-страницы

Ат-Башынын тургуну Т.Турдукулова өз колунан жасалган кол эмгектерин сатып, киреше табууда

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылынын 66 жаштагы тургуну Турсун Турдукулова бала кезинен шырдак жасоого, түймөгө түйүүгө кызыгып, гүл өстүрүп келет.

Каарманыбыз учурда өз колунан жасалган кол эмгектерин сатып, киреше табууда. Өзгөчө кыш мезгилинде жүн байпак жана башкаларга буйрутмалар көп түшөт. Ошондой эле гүлдөрдүн түрүн өстүрүп, андан дагы киреше табат.

«6 жашта түймөлөрдү жакшы көрчүмүн. Шырдакка мурун көп көңүл бурчу эмес элем. Айылга келгенден бери шырдак дагы жасайм. Көп жылдан бери буйрутмаларды алам. Союз тараганда ушуну менен балдарымды бактым десем жаңылбайм.

Бош болгондо түймөгө отурам. Азык-түлүк сатуучу кичинекей дүкөнүм бар. Ошол жерде айылдан түшкөн буйрутмаларды түйөм. Кышында байпакка көп буйрутмалар түшөт. Тизеге, бутка жылуу болот экен деп, тигүү цехтеринде иштеген кыздар көп алышат. Баасы арзан эле коем.

Эки кызымды турмушка узаттым. Алардын себин даярдап бердим. Азыр өз неберелериме шырдак, килемче даярдап жатам. Жылына 1 же 2 шырдак жасайм», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE