Пример HTML-страницы

Ат-Башыда майрамга карата энелер сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүндө 8-март майрамына карата энелер сыйланды. Бул тууралуу Ак-Моюн айылдык аялдар кеңешинин төрайымы Чолпонай Сагындыкова билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага баатыр энелер, көп балалуу аялдар, коомдук иштерге активдүү катышкан айымдар чакырылды.

«Майрамды Ак-Моюн айыл өкмөтүндө аялдар кеңеши менен айыл өкмөтү биргеликте уюштурдук. Жөн гана ырдап-чоордоп, белек берип коюу эле эмес, бул и-чаранын ичинде нарктуулук-салттуулук боюнча сынак өттү. Жаштар арасында спорттук иш-чарабыз бар. Үйүнөн балдарын карап сыртка көп чыкпай, коомчулук менен көп аралашпаган келиндердин көбүн сынактарга кошуп жатабыз. Аялдардын көңүлүн көтөрүү, айыл жергесинде аялдар арасында нарктуулук-салттуулукту көтөрүү максатында мындай иш-чараларды өткөрөбүз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE