Пример HTML-страницы

Асан Саралаев менен Токтокан Алымсеитова БАЭ, Грузия, Малайзияга чейин саякаттап келишти

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жубайлар» рубрикасынын кезектеги каармандары — Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Студент айылынын тургундары Асан Саралаев менен Токтокан Алымсеитова. Алар баш кошуп, бактылуу үй-бүлө түптөгөндөрүнө 51 жыл болду. Каармандарыбыздын бири Токтокан Алымсеитова менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

Ал 1955-жылы 14-ноябрда Жумгал районундагы Чаек айылында төрөлгөн.

«Атам Жекшен Алымсеитов райондук билим берүү бөлүмүндө башкы эсепчи болуп көп жыл иштеп, ардактуу эс алууга чыккан. Апам үй кожейкеси болуп, 7 бала төрөп, тарбиялады. Ата-энебиздин колдоосу, таалими менен баарыбыз жогоркуу билимдүү болдук.

1972-жылы Чаектеги Мидин Алыбаев мектебинен 10 жылдык билим алдым. Ошол 10-класста окуп жаткан кезимде Нарын облусу боюнча эң жакшы окуган окуучуларды экскурсияга деп тандап калышты. Жумгал районунун Чаек айлынан 5 окуучуну тандап, Украинанын Одесса шаарына алып кетишти. Андан ары Москвага чейин барып келгенбиз.

1972-жылы Соода-сатык техникумунун технология факультетине тапшырып, билим алдым. 1975-жылы аны аяктап, ошол эле жылы В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык окуу жайынын мектепке чейинки балдарга билим берүү факультетине тапшыргам. Бул окуу жайды 1980-жылы ийгиликтүү аяктадым.

Мектепте окуп жүргөндө эле ийримдерге катышып, ырдап, бийлеп жүрчүмүн. Чоң атам дагы, өз атам дагы кошокчу, жамакчы болгон экен. Эжем Кенжекан Алымсеитова маданият тармагында эмгектенген, белгилүү ырчы болгон. Учурда Түркиянын Анталия шаарында жашайт. Ошол балалык кездеги маданият тармагына болгон кызыгуум азыр дагы өз жемишин берип жатат. Шайыр апалар тобуна кошулуп, «Кара жорго» бийин бийлеп, майрамдарда ырдап жүрдүм. Айыл өкмөттөн, райондон, облустук администрациядан ардак грамота алып жүрөбүз. Азыркы жаштарга унутта калып бара жаткан үрп-адат, каада-салт, адеп-ахлак, нарктуулуктү үйрөтүп, кайра жандандыруу тилеги менен коомдук иштерге активдүү катышып келем. «Нарктуу апалар» коому менен мектептерге барып, балдар менен иш алып барып жүрөбүз. Мындан сырткары курак курап, килемчелерди жасайм. Бул өнөр апамдан калган», — деди ал.

Токтокан Алымсеитованын айтымында, китепканага алып барган жол болочоктогу жолдошуна жолуктурган. Жолдошу экөө баш кошуп, дыйкан чарба түзүп, «Айыл чарбанын мыктысы» төш белгисин алууга жетишкен.

«Студенттик кезке дайыма китепканага барып, жанталашып окучубуз. Мына ошол китепканага алып барган жол менин өмүрлүк жолдошума жолуктурду. Тагыраагы, 1972-жылы китепканадан адатымча шашылып келе жатып, кокусунан жолдошум менен таанышып калдым. Бир жыл сүйлөшүп жүрүп, 1973-жылы баш коштук. Жолдошум Асан Саралаев Кыргыз мамлекеттик университетинен математика илими боюнча билим алган. Ал чыгармачылыктан алыс.

1975-жылы Миң-Куш шаарчасына жолдошум экөөбүз жолдомо менен барып иштедик. Мен бала бакчада тарбиячыдан баштап жетекчилик кыматына чейин аркаладым. Жолдошум «Оргтехника» заводунун бир бөлүмүндө жетекчи болду. Ошентип ал жакта 17 жыл ишеп, союз тараган соң 1993-жылы Сокулук районунун Студент айлына көчүп келдик. 1994-жылы биринчилерден болуп жолдошум, уул-кыздарым болуп дыйкан чарба уюштуруп, саан уйларды көбөйтүп, жер айдап, дыйканчылык кылдык. Азыркы учурга чейин айыл чарбабызды өнүктүрүп, иштетип келебиз. Анын урматына «Айыл чарбасынын мыктысы» медалы менен сыйландык.

Жолдошум экөөбүз эл-жер кыдырып, саякаттаганды жакшы көрөбүз. Андыктан Дубай (Бириккен Араб Эмираттары), Малайзия, Грузия жана башка өлкөлөрдү кыдырып көрдүк», — деди ал.

Жубайлардын 1 уул, 3 кыз, 14 небере, 4 чөбөрөсү бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE