Пример HTML-страницы

Аптаптуу ысыкта эс алуучуларды өзүнө тарткан Бүлөлү жайлоосу

Акыркы жанылыктар

TurmushЖай мезгили башталгандан тарта эс алуучулар жаратылыш койнуна агылып жөнөшөт. Ош облусунун аймагындагы Алай району жайкысын салкын болгондуктан бул жердеги жайлоолор, тоолуу жайлар жер-жерлерден барган эс алуучуларга толот. Turmush басылмасынын кабарчысы аталган аймактагы эң кооз эс алуучу жайлардын биринен сүрөт баян жасайт.

Алайдагы Бүлөлү айылында 10го чукул жерде эс алуучу жайлар бар. Ал жерлерде боз үйлөр дарыяга жакын жээктерде тигилген. Жергиликтүүлөр бул эс алуу жайын Бүлөлү капчыгайы деп атап коюшат.

Ар бир эс алуучу жайлар киши башына 100 сомдон акы алышат. Боз үйдү бир күнгө 500 сомго ижарага алып, тамак-ашты 300 сомго даярдатууга болот. Эс алуучулардын айтымында, тейлөө шарттары жакшы, тышкы туризмге да ыңайлуу десе болот.

Күндүн аптаптуу мезгилинде Бүлөлү жайлоосуна эс алууга баргандардын саны көбөйөт. Айрым учурда боз үйлөр эс алууга баргандарга жетишсиз болуп калат. Андыктан алдын ала ээлери менен кабарлашып, буюртма берип барган оң экенин айтышат.

Бүлөлүгө барганга чейин жол түз, асфальтталган. Унаа менен барганга ыңгайлуу. Оштон Бүлөлүдөгү эс алуучу жайларга чейинки аралык 120-125 чакырымды түзөт. Андан ары карагайлуу Кара-Шагыл коругуна чейин барса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE