Пример HTML-страницы

Анаркан апанын күйөөсү окууга кеткенде кайын энеси эшикке чыгарбай кайтарып отурчу

Акыркы жанылыктар

TurmushКара-Буура районунун Суулу-Маймак айылынын 68 жаштагы тургуну Кабаева Анаркан апа жолдошу окууда жүргөндө кайын журтунда калган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Шекер айылынын кызы.

«Атам Тайсариев Байтик, апам Тайсариева Орозбү. Атам илгертен эле, жаш кезинде колхоздо бригадир болуп иштеген. Ал алдыңкы ардагер, «Эмгек кызыл туу» орденин алган. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун тууганы болот. Апам да колхоздо эмгектенген. Алар 90 жана 96 жаш курактарында каза болушту.

Мен 1974-1975-жылдары колхоздо тамекиде иштедим. Андан кийин айылдык депутат болгом. Балдарым чоңоюп, 1978-жылы кызым төрөлүп, иштеген жокмун. Балдарды тарбиялап отурдум.

Жолдошум Кабаев Сарыгул 69 жашта. Ал айыл чарба институтун аяктаган. Ошол убакытта Суулуу-Маймак «Россия» колхозунда иштеп, кийинчерээк Шекерге келген. Башкы зоотехник болуп иштеген. Такай эле мал чарбасында иштеп жүрдү. Жолдошум азыр деле неберелерибиз менен бирге алма кыйыштырып, трактор оңдоп, талаа сугарып жүргөндү жакшы көрөт.

Биз 1974-жылы үйлөнгөнбүз. 4 кыз, 2 уулдун ата-энесибиз. Кыздарымдын баары жогорку билимдүү, балдарды да окуттук. Азыркы учурда колубуздагы уулубуз айылыбыздын имамы. Биринчи кызым Зулайка төрөлгөн убакта аябай сүйүнгөнбүз. Азыр 11 неберебиз, 16 жээн неберебиз бар.

Балдарым менен аябай сыймыктанам. Ата-эне болуу да аябай эле кыйын. Балдарыбызга туура, татыктуу тарбия берип, эл алдында жүргөн балдардан болсун деп тилек кылчумун. Өз балаңдан да неберең жакшы көрүнөт эмеспи. Биринчи неберелүү болгондо сүйүнүчтөн ыйлаган да учурубуз болду. Чоң атасы мен неберелүү болдум деп бардык туугандарына сүйүнчүлөгөн эле.

Мен жаңы келин болуп келген кезде жолдошум Кант шаарында айыл чарба техникумунда окучу. Мен үйдө кайын энем менен кайын атамды карачумун. 1 жыл ушундай жашадык. Андан кийин жолдошум окуусун бүтүп келип калды. Ал жок кезде жаңы келин болуп келген кезим эле да. Кайын энем мени кетип калат деп, эшиктин алдында эч жакка чыгарбай карап отурчу. Үйдөн эч жакка чыкчу эмесмин. Чыксам эле кетип калат деп «өзүм кылам» деп таяк көтөрүп алып келип калчу (күлүп). Ошол кез эсимден кетпейт. Азыр да неберелериме айтып калам. Аны угуп аябай күлүп калышат.

Бекем үй-бүлөнү сактоо үчүн аялы менен күйөөнүн ортосунда ынтымак болуш керек. Аял күйөөсүнүн айткандарын угуп, бактылуу жашоого аракет кылуу керек», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE