Пример HTML-страницы

Алексеевкалык үй-бүлө амфибиялык унаанын үлгүсүн жасады

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облустук «Атам, апам, мен — техникалык үй-бүлө» сынагында Жайыл району 3-орунду ээледи.

25-ноябрда Кара-Балта шаарынын Балдар чыгармачылык үйүнүн таланттары Кемин шаарында өткөн облустук кароо-сынагына катышты.

Мелдешке жалпысынан 9 команда катышты. Сынак 3 этапта өттү: Биринчи, технологиянын тарыхын билүү боюнча теориялык тест. Экинчи, калдыктардан туристтик эс алуу зонасын жасоо. Үчүнчү, уча турган жана жүрө турган макет жасоо.

«Биздин команда гибриддик амфибиялык унаасынын үлгүсүн даярдады. Учуп, сууда калкып кете турган материалды табуу абдан кыйын болду. Бирок биз аракет кылып жасадык. Биздин макет баарына жакты. Бардыгы майда-чүйдөсүнө чейин ойлонулган. Калыстар тобунун чечими менен 3-орунга татыктуу болдук. Таланттуу балдар көп болчу. Бирок башкысы — техникалык ийримдерди өнүктүрүү керек. Булар келечектеги инженерлер. Алар экономиканы өнүктүрүүдө абдан керек», — дейт Балдар чыгармачылык үйүнүн директору Гүлнара Туленова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE