Пример HTML-страницы

Ал жерде иштеген кыргызстандык Белек Каныбеков адамдарды куткарууга жардам берген

Акыркы жанылыктар

TurmushМосква шаарындагы «Крокус Сити Холлдо» орун алган теракт учурунда кыргызстандык Белек Каныбеков элди эвакуациялоого жардам берген. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Москвадагы кыргыз диаспорасынын активисти Улан Кошматов билдирди.

Белектин өзүнүн айтымында, 2006-жылы 21-июлда Жалал-абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында төрөлгөн.

«Мен ошол күнү жумушка келип, күндөгүдөй иштеп жатканбыз. Кечки саат 20:00гө жакын автоматтын үндөрүн уктум. Алгач эмне болуп жатканын түшүнгөн жокмун. 1-2 секунддан кийин эмне болуп жатканын билдим. Гардеробдо 1,5 миңден ашуун киши бар болчу. Алардын көбү ар кайсы жакка чуркап качып жатышты. Мен аларга туура жол көрсөтүп, аларга жолду айтканга аракет кылдым. Бирок мени эч ким уккан жок. Анан кыйкырып баштадым. Гардеробдо 1,5 миң киши бар болчу. Ошонун баарын кызматтык эшик аркылуу чыга беришке узаттык.

Ислам менен (адамдарды куткарууга жардам берген Ислам Халилов) гардеробдо чогу иштейбиз. Экөөбүз 5-6 жылдан бери таанышпыз. Мен элдин артында чыгып, газга ууланып калган экем. Бирок ал убакта нес абалда болуп, эшикке чыккан соң үйгө кеттим. 1-2 күндөн кийин ооруканага түшүп калдым. Азыр Красногорск шаардык ооруканасынын инфекциялык бөлүмүндөмүн. Ооруканадан качан чыгарыбызды айтыша элек», — деди ал.

Белек Москва шаарындагы №11 ишкердик колледжинде 2-курста окуйт.

Буга чейин түбү кыргызстандык 15 жаштагы Ислам аттуу бала теракт учурунда 100дөн ашык адамдын өмүрүн сактап калганы кабарлаган.

Андан кийин ысык-көлдүк Рустам Бактыбек аттуу жигит да терактта жабыр тарткандарга жардам бергендиги белгилүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE